Бүгүн өкмөттүн жыйында кабыл алынган 2011-жылдын бюджетине ылайык, Кыргызстандагы мектептердин 1-4-класстарында окугандар үчүн бюджеттен 457 миллион сом бөлүнө турган болду. Анын алкагында өлкөдөгү оор климаттык шартта, тоолуу аймактарда 1-4-класста окуган ар бир окуучуга күнүнө 10 сомдук тамак каралган. Маалыматка ылайык, окуучулардын тамагына бөлүнгөн каражаттан үнөмдөлгөн бөлүмү кайра бюджетке кайтарылууга тийиш. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. (KKs)