Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Азимжан Аскаровдун көзөмөл арызын кароо эртең уланат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган айыпталуучулардын соту эртең 27-январда уланат. Бүгүнкү жараянда сот жактоочулардын сөзүн укту. Өз кезегинде жактоочулар соттолуучуларга коюлган айыптар негизсиз экендигин айтып, аларды актоону өтүнүштү. Эртеңки соттук териштирүүдө жабырлануучулар көрсөтмө беришет.

Аскаров баштаган айыпталуучуларга июнь окуялары учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп жатат. Сентябрь айынын ортосунда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап, 10-ноябрда Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG