Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

“Альфа Телеком” компаниясынын 10 млн. долларынын дайыны чыкпай жатат


“Мегаком” уюлдук байланыш операторунун ээси - “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун 10 миллион долларга жакын кирешесинин кайда кеткени белгисиз болууда. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк министрлигинин алдындагы Улутташтырылган мүлктөрдү башкаруу фондунун жетекчиси Дайыр Кенекеев бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, компаниянын кирешелер туурасында берген маалыматтары бири-бирине дал келбей жатат. Алсак, 2010-жылдын алты айында компаниянын кирешеси 15 миллион долларды түзсө, тогуз айда 25 миллион доллар болгон. Бирок компаниянын 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматында киреше 15 миллион доллар деп көрсөтүлгөн. “Альфа Телеком” азырынча буга түшүндүрмө бере элек.

Апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн декрети менен “Альфа Телеком” компаниясынын акцияларынын 49 пайызы мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, ага сырткы башкаруу киргизилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG