Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Азимжан Аскаровдун сотунда күбөлөр көрсөтмө беришет


Бүгүн кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун көзөмөл арызын кароо иши Жогорку сотто (Бишкек шаарында) улантылат.
Кечээки отурумда сот жактоочулардын сөзүн укту. Өз кезегинде жактоочулар соттолуучуларга коюлган айыптар негизсиз экендигин айтып, аларды актоону өтүнүштү. Бүгүнкү (27-январдагы) соттук териштирүүдө жабырлануучулар көрсөтмө беришет.

Аскаров баштаган айыпталуучуларга 2010-жылы июнь окуялары учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюлуп жатат.
Былтыр сентябрь айынын ортосунда Жалал-Абат облусунун Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров баштаган беш кишинин үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу. Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап, 10-ноябрда Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG