Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

“Хьюман Райтс Уочт” Жогорку сотту Азимжан Аскаровго чыгарылган өкүмдү бузууга чакырды


Жогорку сот бул ишти кароону бүгүн улантат. Кечээги жараянда сот жактоочулардын сөзүн уккан. Жактоочулар соттолуучуларга коюлган айыптар негизсиз экендигин айтып, аларды актоону өтүнүштү. Бүгүнкү соттук териштирүүдө жабырлануучулар көрсөтмө беришет.

Адам укугун коргоочу Азимжан Аскаров баштаган айыпталуучуларга былтыркы улут аралык жаңжжал учурунда Базар-Коргондо "милиция кызматкерин өлтүрүүгө", "башаламандык уюштурууга катышкан" деген айыптар коюган. Сентябрь айынын ортосунда Базар-Коргон райондук соту Азимжан Аскаров менен кошо төрт кишини үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган болчу.

Бул окуя боюнча дагы эки киши жыйырма жылга, бирөө тогуз жылга кесилген. Андан соң Жалал-Абад облустук соту ишти карап, 10-ноябрда Базар-Коргон райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган эле.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уочт” уюму азыркы жараянга тушташ жарыяланган билдирүүсүндө “Кыргызстандын Жогорку соту кыйноо, зордук –зомбулук, коркутуулар жөнүндөгү маалыматтар көлөкө түшүргөн бул иш боюнча адилетсиз чечимдин чыгышына тоскоолдук кылат алат”,- деп белгилейт. (UE/EBM)

XS
SM
MD
LG