Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Дүйнөдө Интернет колдонуучулар саны 2 миллиард адамга жетти


Бул тууралуу Улуттар уюму билдирүүдө. БУУга караштуу Эл аралык телекоммуникация союзунун кечээги жарыясына караганда, Интернет колдонуучулар санынын 57%ы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тургундары. Интернеттин жайылышы жагынан көч башында Европа турат. КМШ мамлекеттеринде болсо алардын саны былтыр 127 миллионго чыккан, 2007-жылы эле бул көрсөткүч 51 миллионду түзүүчү. Ал эми уюлдук телефон колдонгондор саны азыр, Эл аралык телекоммуникация союзунун эсебинде, 5 миллиард кишиге жетти. Салыштырсак 2000 - жылдын башында уюлдук телефон дүйнө боюнча 500 миллион адамда гана бар эле, Интернетти болсо 250 миллион киши колдончу.

XS
SM
MD
LG