Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

ПАСЕ Беларустагы кырдаалды талкуулайт


Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Страсбургдагы бүгүнкү жыйынына сунуш кылынган резолюция долбоорунда уюм өлкөдө декабрдагы президенттик шайлоодон кийин оппозиция куугунтукталып жатышына тынчызданары белгиленген. Документте ошондой эле мурдагы президенттикке талапкерлердин камакта олтургандарын жана алардын жактоочуларын бошотуу чакырыгы айтылат. Мындан сырткары Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Беларустун жетекчилиги менен жогорку деңгээлдеги байланыштарын токтотуу ниети көргөзүлгөн.

Бул аралыкта Беларустун ички иштер министри Анатолий Кулешов кечээги басма сөз жыйында камакта олтурган 30дан ашун саясий активисттин иштери келерки айдын башынан тарта сотко өткөрүлөрүн жарыялады. Министрдин айтымында, алар “15 жылга чейинки түрмө жазасын” алышы мүмкүн. Беларус оппозициясынын президенттик шайлоо өткөн 19-декабрдын кечиндеги демонстрациясын полиция күч менен таратып, ал күнү жүздөгөн адамдар камакка алынган. Учурда камакта 30тан ашуун киши, анын ичинде президенттикке талапкерлердин төртөөсү кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG