Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:34

Кытай технология планын күчөтөт


Бээжинден түшкөн кабарларга караганда, Кытай таза энергия жана башка жогорку технологиялуу тармактарды өнүктүрүү планын алга жылдырууда. Расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, энергияны үнөмдөөчү технологияларга, таза энергия менен иштөөчү автоунааларды, уюлдук телефондун жаңы муунун чыгарууга гранттык жана башка колдоо көргөзүлөт.

Кытайдын жогорку технологиялуу өнөр-жайды колдоо боюнча стратегиясы Вашингтон тарабынан сынга алынган. АКШ Кытай эркин соода боюнча милдеттемелерин бузуп жатат деп эсептейт. Өткөн айда АКШ Кытай шамалдан жана күндөн энергия алуучу жабдууларды жасоочуларды субсидиялап жатканына нааразыланып, Дүйнөлүк Соода уюмуна арыз берген.

XS
SM
MD
LG