Жарылуу Хасавюрт шаарында, кафелердин биринин сыртында токтоп турган унаада болгон. Андан төрт адам каза тапкандан тышкары, алты киши жаракат алган. Окуянын башка чоо-жайы белгисиз. Дал азыркыга окшогон жарылуу 14-январда да катталган. Анда да төрт адам каза таап, ондой киши жаракат алган эле. Орус бийликтери адатта мындай жардырууларды Түндүк Кавказдагы исламчыл согушкерлер менен байланыштырышат.
Азырынча эч ким жоопкерчилик ала электигине карабай, Москванын Домодедово аба бекетинде ушул дүйшөмбү күнү орун алган жардыруу үчүн да шек саноолор Түндүк Кавказдан чыккан согушкерлерге багытталууда. 35 кишинин өмүрүн кыйган жардырууну жанкечти жасаган деген шек бар.