Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:56

2011-жылдын бюджетинин долбоору кайрадан өкмөткө жиберилди


Мындай токтом Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда кабыл алынды. Ага ылайык өкмөт парламенттеги комитеттердин ар биринен түшкөн сунуштарды кайрадан карап чыгуу менен бюджеттин долбооруна толуктоолорду киргизүүгө тийиш.

26-январда 2011-жылдын бюджетинин долбоору өкмөттө жактырылып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлгөн. Ага ылайык 2011-жылы өлкө бюджетинин киреше бөлүгү 67 миллиард 370 миллион 552 миң сомдон ашык болсо, чыгашасы 88 миллиард 627 миллион 934 миң сомдон жогору болот. Ал эми республикалык бюджеттин таңсыктыгы 21 миллиард 257 миллион 381 миң сомдун айланасында болору күтүлүүдө. Аны жабуу үчүн сырткы жана ички булактарды колдонуу аракеттери көрүлүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG