Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Абдулла Юсупов: Июнь коогасын уюштургандарды тезирээк кармаш керек


Өзүн Сузактагы өзбек коомчулугунун атынан келдим деп тааныштырган Абдулла Юсупов бүгүн “АКИпресс” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүп, анда өкмөттү июнь окуяларына катыштыгы бар деп айтылып жаткан Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов жана Жалалиддин Салахуддиновду тезирээк кармоого үндөдү. Ал ушундай мазмундагы кайрылуу кыргыз өкмөтүнө жолдонгонун, ага жүздөй адам кол койгонун да айтты. Бирок кайрылуунун тексти жана ага коюлган колдор маалымат жыйынында көрсөтүлгөн жок. Мындан сырткары Юсупов жогорудагы өзбек лидерлерин июнь окуялары учурунда камакка алууга мүмкүнчүлүк болгонуна карабастан, бийлик чечкиндүү аракет көрбөй койгонун билдирди.

Июнь окуяларынан кийин Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек лидерлери Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов жана Жалалиддин Салахуддиновдор өздөрүн дарегине айтылып жаткан сындар негизсиз экендигин айтышып, билдирүү таркатышкан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG