Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:56

Египетте Мубаракка каршы митингдер уланууда


Президент Хосни Мубарактын 30 жылдык башкаруусуна каршы демонстрациялар Египетте үч күндөн бери уланууда. 27-январда эртең менен өлкө борбору Каирде жана Суец шаарында чогулган чакан топтор Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылышты.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон шаршемби күнү Египет жетекчилигин кеңири реформага барууну жана анти-бийликчил демонстранттарды камакка албоого чакырды:

- Биз Египеттин өкмөтүндө азыр Египет элинин мыйзамдуу талаптарына жана кызыкчылыгына ылайык саясый, экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзгөнгө өтө оңтойлуу жагдай түзүлгөн деген ишеничтебиз.


Египетте саясый реформа жүргүзүүнүн демилгечиси Мохаммед ал-Барадейи бүгүн Венадагы үйүнөн Каирге келери айтылууда. Ал-Барадейи 1997-2009-жылдары БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги - МАГАТЭни жетектеген. Нобелдин тынчтык сыйылыгынын лауреаты. Байкоочулардын боолгошунча, ал-Барадейинин мекенине келүүсү башы көрүнгөн көсөмү жок нааразылык кыймылын күчтөндүрүшү этимал.

XS
SM
MD
LG