Кытайлык Ли На Австралиянын ачык чемпионатында аялдардан биринчи болуп финалга чыкты. Аял теннисчилердин дүйнөлүк рейтингинде 11-орунда турган 29 жаштагы Ли На өткөн жылдын мыкты теннисчиси, даниялык Каролин Возняцкини үч беттешүүнүн экөөсүндө утту. Бул кытайлык теннисчи аялдардын дүйнөлүк деңгээлдеги "Чоң туулга" мелдешиндеги алгачкы чоң ийгилиги.