Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:57

12-декабрь - Улуттук адабият күнү болду


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Улуттук адабият күнүн бекитүү туралуу токтомдун долбоору талкууга коюлуп, анын жыйынтыгында 12-декабрь адабият күнү катары белгилене турган болду. Мындай демилгени көтөрүп чыккан КСДП фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов 12-декабрь белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болгондуктан адабият күнү катары тандалып алынганын билдирди. Мындан ары Улуттук адабият күнүндө жазуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, мыкты жазуучу жана драматургдарга сыйлыктар берилет. Айрыкчы бул күнү Жазуучулар союзу жылдык отчетун берип турмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG