Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

“Манчестер Юнайтэддин" дарбазачысы пенсияга чыгат

Англиянын “Манчестер Юнайтэд” (Manchester United) командасынын дарбазачысы Эдвин ван дер Сар быйылкы чемпионаттын соңунда футболдон кетет. 40 жаштагы нидерландиялык 2005-жылы "Манчестерге" кошулгандан бери 245 беттешүүдө дарбаза коргоду. Ал үч жолу команданын курамында Англиянын жогорку лигасынын чемпиондугун жана 2008-жылы Европанын чемпиондорунун (УЕФА) кубогун жеңди. Эдвин ван дер Сар өз өлкөсү үчүн 130 жолу ойногон. 2001-жылы адегенде Италиянын “Ювентус” командасына, андан Англиянын “Фулхамына” өткөнчө Амстердамдын “Аякс” клубунда ойногон.
XS
SM
MD
LG