Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Президент Саркисян Тоолуу Карабак үчүн согушканга даяр

Армения зарыл болсо, талаштуу Тоолуу Карабакты коргоо үчүн Азербайжан менен согушканга даяр. Мындай билдирүүнү Армениянын президенти Серж Сакисян 27-январда Москванын “Эхо Москвы” радиосуна курган маегинде айтты. "Биз согушка каршы экенибизди мен эчен ирет айткам. Бул бирок биз согушкандан коркобуз дегенди түшүндүрбөйт",-деген Саркисян Тоолуу Карабакты коргоого даяр экенин белгиледи. Себеби азыр армян жикчилери көзөмөлдөгөн аймакты Азербайжан басып алчу болсо, армяндар куулуп чыгат деди ал.

Ереван колдогон армян жикчилери Тоолуу Карабакты 1990-жылдардын башында Бакудан күнкорсуз деп жарыялаган.
XS
SM
MD
LG