Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Египетте Мубаракка каршы чыккандар көбөйүүдө


Египетте президент Хосни Мубарактын 30 жылдык башкаруусуна каршы демонстрациялар бүгүн да өттү. Бейшемби күнү эртең менен өлкө борбору Каирде жана Суец шаарында чогулган чакан топтор Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылышты. Исмаилия шаарында 600дөй адам полиция менен мушташты.

Нааразылык акцияларынын уюштуруучуларынын бири, “6-апрель кыймылы” Твиттер социалдык түйүнү аркылуу Египеттин түндүгүндөгү Танта жана Александрия шаарларында да Мубаракты президенттиктен кетүүгө чакырган көчө жүрүштөрү болгонун кабарлады.

“6-апрель кыймылы” элди жума күнкү намаздан кийин массалык демонстрацияга чакырууда.

Египет оппозициясынын өкүлү Мохаммед Ал-Барадейи жума күнкү нааразылык акцияларына катышуу үчүн Каирге Венадагы үйүнөн учуп барганы жатканын билдирди. Ал-Барадейи 1997-2009-жылдары БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги - МАГАТЭни жетектеген. Нобелдин тынчтык сыйылыгынын лауреаты. Талдоочулар ал-Барадейинин мекенине келүүсү башы көрүнгөн лидери жок нааразылык кыймылын күчтөндүрүшү этимал дешет.

XS
SM
MD
LG