Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Жазгы айдап себүүгө 32 миң тонна буудай үрөнү жетишпейт


Бул тууралуу айыл чарба министри Төрөгул Беков Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча 22 миң тонна арпанын үрөнү да жетишпей турат. Натыйжада айдап себүү үчүн дан эгиндеринен кеминде 70-80 пайыз гана таза үрөн бар.

Таңкыстыкты сатыкка коюлган үрөндөрдүн эсебинен толуктоо пландалып жатат. Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, бул жылы Кыргызстанда 1 миллион 168 миң гектардан ашык аймакта айдап-себүү иштери жүргүзүлмөкчү. (KKs)

XS
SM
MD
LG