Аскерлер жана полицейлер машыгуу өткөрүү үчүн Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясына жөнөтүлөт. Нидерландия өкмөтүнүн бул сунушун өлкө парламенти колдоду. Ооганстандын полицейлерин машыктыруу программасынын сапатын жакшыртуу үчүн Нидерландиянын өкмөтү анын мөөнөтүн алтыдан он сегиз аптага узартууда. Программага аялдардын, балдардын укуктары боюнча нускоолор да киргизилет. Өлкөнүн тышкы иштер министри Ури Розенталдын депутаттарга билдиргенине караганда, расмий Амстредам ооган өкмөтүнөн Нидерландия машыктырган полицейлер аскерий операцияларга тартылбай турганына кепилдик алат.
Сурамжылоолор нидерландиялык шайлоочулардын басымдуу бөлүгү Ооганстанга мындай миссиянын жиберилишине каршы экенин көрсөткөн. Былтыр Нидерландиянын коалициялык өкмөтү Ооганстандан аскерлерди чыгаруу керекпи же жокпу деген маселеде чыккан ажырымдан улам чачырап кеткен эле. Нидерландия Ооганстанда жайгаштырган аскерлеринин жыйырма төртүн жоготту. Алардын көпчүлүгү Ооганстандын түштүгүндө курман болду.