Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Аламүдүн районунун бир жашоочусунун үйүндө эки граната атуучу курал табылды. Милиция кызматкерлеринин иликтөөсү учурунда райондун тургуну куралдарды өткөн жылдын 10-апрелинде Аламүдүн районундагы дачалар жайгашкан аймактан таап алып, катып койгонун, аларды ИИМге өз эрки менен өткөрүп бере турганын билдирди. ИИМдин маалыматы боюнча граната атуучу бул куралдар брондолгон техникаларды кыйратуучу күчкө ээ. Укук коргоо кызматкерлеринин алгачкы иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында граната атуучу куралдар сакталып турган үй буга чейин эл аралык издөөгө салынган адамга таандык экендиги аныкталды. Натыйжада бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда. (KKs)