Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Жумгалда Чаек айылынын тургуну ачкачылык акциясын баштады


Чаек айылынын тургуну Эраж Кумарбеков үй-бүлөсү менен Жумгал райондук администрациясынын кабылдамасында ачкачылык акциясын баштады. Кумарбековдун “Азаттыкка” маалымдашынча, анын жанындагы үч баласынын улуусу 16, кичүүсү 6 жашта. Аларды тартип коргоо органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Жумгал районунун акиминин орун басары Салмоорбек Касымбеков “Азаттыкка” бул маалыматты тастыктап, бирок маселе сот аркылуу чечилерин айтып, сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Э. Кумарбеков 2004-жылы “Азия Универсал Банкынын” Чаектеги бөлүмүнөн күрөөгө үйүн коюп насыя алган. Анын ырасташынча, 2006-жылы ал үйүндө болбогон маалда банктын ошол кездеги кызматкери Бектурсун Шадыманов “биринчи насыя төлөнгөн эмес” деген негиз менен Кумарбековдун жубайына кайра башка келишимге кол коюдуруп, жыйынтыгында банк анын үйүн тартып алган. Кумарбековдун айтымында, ал 2006-жылдан бери соттошуп келатат. (JI)

XS
SM
MD
LG