Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Египетте элдик толкундоолор уланууда


Каир, Александрия жана башка шаарларда жумушсуздукка, баалардын өсүшүнө жана авторитардык бийликке нааразы болуп көчөгө чыккан эл менен полиция ортосунда кагылыштар болууда.

Каирде полиция элди таркатуу үчүн желим окторду, көздөн жаш агызчу газ атты, катуу басымда суу бүрктү.

Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты, МАГАТЭнин мурдагы директору Мохаммед ал-Барадейи жума намаз окуганы келген мечиттин жанында да эл полицияны ташбараңга алганы кабарланды. Оппозиция өз ара макулдашып аракеттенбеси үчүн бийликтер Интернет жана уюлдук байланыштарды мүмкүн болушунча токтотту.

АКШ президенти Барак Обама 27-январда президент Хосни Мубаракка кайрылып, “өтө чечкиндүү саясый реформаларга барууга” үндөдү.

- Египеттеги азыркы көйгөлөрдү ушул азыр зордук-зомбулук менен чечүү мүмкүн эмес деп бекем ишенем. Өкмөт күч колдонууда этият болуш керек, көчөдөгү эл да зордук-зомбулукка баруудан этият болушу абзел. Элде өзүнүн мыйзамдуу талаптарын билдирчү механизмдердин болгону абдан маанилүү деп ойлоймун.

Мубарактын 30 жылдык жеке бийлигине каршы нааразылыктар 25-январда башталган. Андан берки кагылышууларда 7 киши өлгөнү маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG