Жума күнү Египеттин 28 вилайетинин (провинциясынын) он биринде жумушсуздукка, баалардын өсүшүнө жана авторитардык бийликке нааразы болгон эл көчө жүрүштөрүн өткөрдү.
Каир, Суэц, Мансур шаарларында толкуган эл президент Хосни Мубарак башындагы башкаруучу партиянын кеңселерин талкалашты. Каирде полиция демонстранттарга каршы желим окторду, көздөн жаш агызчу газ атты, катуу басымда суу бүрктү.
Нобел Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, МАГАТЭнин мурдагы директору Мохаммед эл-Барадейи жума намаз окуганы келген жамы мечиттин жанында да чогулган калайык полицияны ташбараңга алды. Эл-Барадейи үй камагына отургузулду.
Мубарактын 30 жылдык жеке бийлигине каршы нааразылыктар шейшемби күнү башталган. Андан берки кагылышууларда 7 киши өлгөнү маалымдалууда.