Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Кочкордо алгачкы жолу хоккей боюнча мелдеш өтүп жатат


Нарын облусунун Кочкор районунда хоккей боюнча өтүп жаткан бул мелдеш чыгаан манасчы Сагынбай Орозбак уулуна багышталып өткөрүлүүдө.
Хоккей федерациясынын президенти Мурат Жакыповдун “Азаттыкка” билдиришинче, мелдешке Жумгал районунан үч, Чолпон-Ата жана Нарын шаарлары менен Кочкор районунан бирден команда, жалпысынан алты топ катышып жатат. Бул мелдеш хоккейди элет жерине, ар кыл аймактарга жайылтуу максатын көздөйт. Жеңүүчүлөр бүгүн кеч менен аныкталып, аларга акчалай сыйлыктар тапшырылмакчы. (KKs)

XS
SM
MD
LG