Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

“Кылым шамы” коогалаңда мерт болгондордун тизмесин жаңыртты


“Кылым шамы” адам укуктарын коргоо уюму өткөн жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абаддагы коогалаңдын курмандыктарынын тизмесине дагы 15 адамды кошту. Жаңы такталган он беш адамдын он бири Ош облусунан, төртөө Жалал-Абаддан. Арасында алты жаштагы бир кыз жана он жаштагы өспүрүм бар. 15 кишинин үчөө кыргыз, он бири өзбек улутундагылар, бирөөнүн улуту такталбай жатат. Натыйжада уюмдун соңку жарыялаган тизмесине ылайык, июнь окуяларынын курмандыктарынын саны 435 адам деп белгиленди. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул акыркы маалымат эмес, дагы толукталат.

16-декабрда “Кылым шамы” уюму коогалаңда мерт болгондордун болжолдуу тизмесин жарыялаган. Анда набыт болгондордун улутунун белгилениши коомчулукта кайчы пикирлерди жараткан.

Июнь окуяларын иликтеген Улуттук комиссиянын маалыматы боюнча, кандуу калабада 426 адам набыт болуп, эки миңден ашуун адам жаракат алганы кабарланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG