Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Оштогу УКМК башкармалыгынын алдында нааразычылык акциясы өтүүдө


Бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Ош шаарындагы башкармалыгынын алдына 50гө чукул киши нааразычылык акциясына чыгышты. “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Алишер Токсонбаев маалымдагандай, чогулгандар мындан бир канча күн мурда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган эки милиция кызматкерин жана бир студент практикантты бошотууну талап кылышты. Акцияга чыккандар кармалгандардын жакын туугандары. Азырынча аларга эч ким чыгып жооп бере элек.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, мындан бир канча күн мурда мекеменин үч кызматкери, анын ичинде бир студент практикант пара алды деген шек менен УКМК тарабынан камакка алынган. Кармалгандардын жакындары алардын ак экендигин айтышып, бошотуп берүүнү талап кылышууда. Ош аймактык прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук башкармалыгынын өкүлдөрү бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартышты. Ал эми УКМКнын Бишкектеги кеңсесинен нааразычылык акциясы тууралуу маалымат түшө электигин билдиришти. (KKs)

XS
SM
MD
LG