Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:26

Рысбек Ирсалиев дүйнө салды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, министрликтин Ички аскер күчтөрүнүн Ардагерлер кеңешинин төрагасы Рысбек Ирсалиев 64 жаш курагында каза болду. Р. Ирсалиев ички аскер күчтөрүндө 34 жыл кызмат өтөгөн. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин өмүрүнүн акырына чейин Ардагерлер кеңешин жетектеп, жаш аскер жана офицерлерди тарбиялап, тажрыйбасы менен бөлүшүп келген. Күч тармагында сиңирген эмгеги үчүн убагында Советтер союзунун, Казакстан жана Кыргызстандын ардактуу медалдары менен сыйланган. (KKs)

XS
SM
MD
LG