Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Кочкордо алгачкы хоккей мелдеши жыйынтыкталды


Нарын облусунун Кочкор районунда манасчы Сагынбай Орозбаковдун элесине арналган хоккей мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Хоккей федерациясынын президентти Мурат Жакыповдун “Азаттыкка” билдиришинче, биринчи орунду Жумгал районунан “Эркин-Фарм” командасы, экинчи орунду ошол эле райондон “Жаштык” командасы, үчүнчү орунду Чолпон-Атадан келген “Дайр” командасы жеңип алды. Биринчи орун үчүн 10 000 сом, экинчи орун үчүн 5000 сом, үчүнчү болгондорго 4500 сом ыйгарылды. Мындан сырткары демөөрчүлөрдөн ар кыл белектер жана сыйлоо баракчалары тапшырылды. Жалпысынан бүгүнкү мелдешке аймактардан келген алты команда катышкан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG