Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:09

“Азиадада” Кыргызстандык хоккейчилер экинчи жолу ийгилик жаратты


29-январда Кыргызстандын хоккей командасы Бириккен Араб Эмиратынын хоккейчилери менен беттешип, мелдешти 14:0 эсеби менен утуп чыгышты. Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Алмаз Касеновдун "Азаттыкка" билдиришинче, кыргызстандык спортчулар мелдештин биринчи бөлүгүндө үч гол, экинчисинде алты гол, үчүнчү таймда беш голду Бириккен Араб Эмиратынын дарбазасына киргизген. Бул оюндун лидерлери болуп Кыргызстандык Артем Колобов, Игорь Крюков жана Юрий Журавлевдор табылды. Бул Астанада өтүп жаткан 7-Кышкы Азия оюндарында хоккей боюнча Кыргызстандын экинчи ийгилиги болду. Буга чейин 28-январда Кыргызстандын курамасы Тайланддын оюнчуларын 15:4 эсебинде жеңген болчу. Эми кыргызстандык хоккейчилер 31-январда монголиялыктар менен беттеше турган болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG