Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:29

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдиришинче, кармалгандардын бирөөнө кылмыш кодексинин 170-беренеси боюнча опузалоо, калгандарына 246-беренеге ылайык баңги заттарды мыйзамсыз сактоо, даярдоо деген айыптар тагылууда. Бул кармалгандардын бардыгы буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан. Алардын бирөө Токмок шаарын көзөмөлдөп келген. Натыйжада уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү дегендер убактылуу кармоочу жайга алынып, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу иликтене баштады.

ИИМ буга чейин Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү аталган Алмамбет Анапияевди камакка алуу боюнча санкция берилип, ага издөө жарыяланганын кабарлаган. Өз кезегинде президент Роза Отунбаева тартип коргоо кызматкерлерин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүп, чечкиндүү аракеттерди көрүүгө чакырган болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG