“Азаттыктын” аймактык кабарчысы билдиргендей, бул курултайга Кыргызстандын аймактарынан келген жарандар, саясатчылар, коомдук ишмерлер катышууда. Курулатайга катышып жаткан “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, курултайдын жүрүшүндө Кыргызстандагы азыркы саясий-абал жана Элдик курултайды мамлекеттик башкарууну көзөмөлдөй турган орган катары Конституцияга киргизүү маселелери талкууланмакчы. (KKs)