31-январда Жогорку Кеңештин Экономикалык стратегия, инвестициялык саясат жана туризм боюнча комитети Кыргызстандагы туризм тармагын талкуулаган тегерек үстөл өткөрөт. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анда 2010-жылдагы туристик сезондун жыйынтыктары жана бул тармактын көйгөйлөрү жөнүндө кеп болот.
Экономикалык тескөө министрлигинин маалыматтары боюнча, 2010-жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны 50% кыскарган. Чет өлкөдөн эс алуучулардын жана туристтердин аз келиши өлкөдөгү апрель жана июнь окуяларына байланыштуу деп айтылып, анын айынан Кыргызстан бир топ кирешеден куру калганы кабарланган. (KKs)