Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Былтыр жаратылыш кырсыктары 516 млн. сомдон ашык зыян алып келген


Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 2010-жылы Кыргызстандын аймагында болгон жаратылыш кырсыктары жана ар кыл чукул кырдаалдар өлкөгө 516 миллион 910 миң сомдой зыян алып келген. Бул көрсөткүч башка жылдарга салыштырмалуу көптүк кылат. Мунун себеби өткөн жылы өлкөдө кырсыктардын көп болгондугу менен түшүндүрүлүүдө. Мындан сырткары жергиликтүү жетекчилер чукул кырдаал боюнча эскертүү жана аларды алдын алуу боюнча иш аракеттерди жетиштүү деңгээлде жүргүзбөгөнү да негизги себептердин бири болууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG