Каирдин көчөлөрүндө күйгөн авто-унаа, тонологон дүкөндөр массалык баш аламандыктын 6-күнүнө ооган түндө дагы болду. Өлкөнүн коопсуздук күчтөрү Вади эл Натрун түрмөсүнөн миңдеген адамдар качып чыгышканын маалымдады. Александрия, Суэц, дагы бир катар шаарларда түн ичинде талап-тоноолор болгондугу кабарланды. Армия стратегиялык маанилүү жайларды, Каирдин улуттук музейин кайтарууга алса дагы, аталган музейден эки байыркы эстелик, баа жеткис илгерки буюм тайымдар уурдалып кеткени айтылууда. Полиция шаардагы резиценцияларды кайтарууга алууда.
Миңдеген шаардыктар коменданттык саат бүтөөрү менен кайрадан көчөлөргө чыгышты. Президент Мубарак кечээ жаңы премьер министр дайындап, өкмөт түзүүнү тапшырды.
Миңдеген шаардыктар коменданттык саат бүтөөрү менен кайрадан көчөлөргө чыгышты. Президент Мубарак кечээ жаңы премьер министр дайындап, өкмөт түзүүнү тапшырды.