Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Беларуста кайрадан оппозициянын колдоочулары кармалды


Минскиде кечээ (30-январда) кечинде милиция Улуттук коопсуздук комитетинин имаратынын жанында оппозициялык лидерлерди колдоп жыйынга чыккан 10 чакты кишини кармап кетти. 19-декабрда президенттик шайлоодон кийин болгон демонстрациялар учурунда камакка алынган 30 чакты киши дагы эле бошотула элек. Ишембиде президенттикке ат салышкан оппозиционерлердин бири Владимир Некляев абактан койо берилип, үй камагына алынган. Ага интернет, телефон аркылуу баарлашууга, терезелерге жакындоого тыюу салынды. Бүгүн Брюсселде Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери Беларус жетекчилигине каршы жаңы санкцияларды киргизүү маселесин талкуулашмакчы.

XS
SM
MD
LG