Бишкек шаардык мэриясында Ош базарын ирээтке келтирүү, анын жака-белиндеги мыйзамсыз соода түйүндөрдү алуу боюнча жыйын өттү. Маалыматка караганда, азыр уруксаты жок коюлган 150гө жакын күркө алынды.
18-январда мэрияда Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда бул маселе боюнча жыйын өтүп, Ош базарынын жанындагы дүкөндөрдү алуу апрелге чейин токтотулган эле.
14-январда аталган базардын жанындагы соода түйүндөрдө иштегендер Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акцияга чыгышкан. Маселе парламентте талкууланып, депутаттар Ош базарынын тегерегинде соода түйүндөрүн, контейнерлерди жана павильондорду бузбай туруу боюнча Бишкек шаар мэриясына сунуш жолдогон. Бул маселени териштирүү максатында парламенттеги ар бир фракциядан бирден адам кирген комиссия түзүлгөн болчу. (EBM)