31-январда маалымат жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков президент Роза Отунбаева менен кездешкен кезде келаткан жазда Суусамырда элдик курултай өткөрүү маселесин талкуулашканын билдирди. Төрага мындай иш-чара өлкөдөгү кырдаалды кеңири талкуулоо үчүн зарыл экенин айтты.
18-январда демилгелүү топ былтыр түзүлгөн Ынтымак курултайынын ишин жандандыруу билдирүүсү менен чыккан. Ынтымак курултайы 2010-жылдын 23-24-март күндөрү жер-жерлерден келген 750 делегаттын жана ошол кездеги президент Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн.
Андан мурдараак, 17-мартта ошол кездеги оппозициялык күчтөр Бишкекте Элдик курултайга чогулган. Анда тарифтерди калыбына келтирүү, стратегиялык маанилүү ишканаларды мамлекетке кайтаруу, саясий себеп менен камалгандарды бошотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, президенттин туугандарын кызматтан алуу, сөз эркиндигин, анын ичинде “Азаттык” үналгысын калыбына келтирүү сыяктуу 7 талап коюлган. Эгер талаптар 24-мартка чейин аткарылбаса элдик бийликти орнотуу максатында жер-жерлерде нааразылык акцияларды баштаарын эскерткен. Оппозиция чечимин ишке ашыруу үчүн азыркы президент Роза Отунбаева башында турган аткаруу уюмун түзгөн болчу. (EBM)