Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:28

Назарбаев эртелей шайлоого баратат


Казак президенти Нурсултан Назарбаев мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү ниетин жарыялады:

- Өмүрдүн өзү сунуп отурган демократиянын тарыхый сабагы деп кабылдап, демократиялык жол менен шайланган тунгуч президент иретинде, элибиздин бийик мүдөөлөрүн колдоп, мен мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуш этем.

Мунун алдында Конституциялык кеңеш Назарбаевдин бийлигин узартуу референдумун четке каккан эле. Казак парламенти ушул айдын башында президент Назарбаевдин дагы он жыл бийликте калышын референдумга коюну колдоп чыккан. Президент бул сунушту Конституциялык кеңештин кароосуна жиберген. Кеңештин төрагасы Игор Рогов бүгүн Назарбаев кеңештин соңку чечимин бир айдын ичинде кайра карап чыгууну талап кыла алаарын билдирди. Жума күнкү жалпы улутка кайрылуусунда Назарбаев келерки президенттик шайлоого талапкерлигин коёрун билдирген.

XS
SM
MD
LG