Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Египетте толкундоо уланууда


Баш калаа Каирдин борборунда миңдеген киши жетинчи күн катары менен чогулуп, президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишин талап кылды. Алар иш таштоого чакырып, эртең миллион киши катышкан акция өткөрүү ниетин жарыялашты.

Хосни Мубарак 30 жылдан бери бийликте отурат. Башаламандыкты, талап-тоноону токтотуу үчүн тартип коргоочулар жайгаштырылды, бирок күбөлөр Каирдин борборунда полиция аз экендигин айтышууда. Каирде жашаган, атын атагысы келбеген кыргыз жараны "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Биз жакта бир америкалык мектеп бар, ошол мектептин жанына бир БТР келген. Болбосо тынч эле. Борбордо тополоң болуп жатканын угуп жатабыз. Каир чоң шаар, биз борбордук аянтка барган жокпуз.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Египеттеги кыргыз жарандары менен байланышта экендиги айтылган билдирүү таркатты, бирок документте алардын эвакуациясы зарыл эмес деп ырасталат.

Египетте өтткөн аптада башталган толкундоолордо 100дөн ашык кишинин каны төгүлдү. Жума күнү толкундоо күч алганда тартип коргоочулар көчөлөрдөн сүрүлүп калган, кийин аскерлер киргизилди.

XS
SM
MD
LG