Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:56

Оманда кыргыз уздары өз эмгектерин көрсөтүүдө

«Мускат - Көркөм өнөр, Мурас жана Чыгармачылык» деп аталган фестивалда Татяна Воротникова, Топчубаева Монус, Сапара Мамбетова өңдөнгөн Бишкектен, Алайдан, көлдөн жети кол өнөрчү катышууда.

Мамбетова Омандан "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Биз койдун жүнүнөн, жибектен жасалган кол өнөрчүлүк оокаттарын, торбо, баш кийим, жоолуктарды алып келдик. Чопочу Жумагул Ташивдин Саймалуу-Таш петроглифтерине куштарланып жасаган эмгектери бар. Жаш уз Гүлзат Чытырбаеванын жибекке сүрөт салып, кийизден кошуп жасаган шарфтарына арабдардын кызыгуусу күчтүү болуп жатат.

Мускат фестивалы 24-февралга чейин уланат.
XS
SM
MD
LG