Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:02

Египетте бүгүн "миллиондордун жүрүшү" пландалууда


Египет президенти Хосни Мубарак жаңы дайындалган өкмөт башчы Омар Сулейманга оппозиция менен сүйлөшүү баштоо тапшырмасын берди. Бул аралыкта президенттин 30 жылдык бийлигине каршы демонстрациялар уланууда. Бүгүнкүгө жалпы иш таштоо менен катар “миллиондордун жүрүшү” пландалган. Мамлекеттик телеканаладын маалыматына караганда, бүтүндөй өлкөдө темир жол каттамдары токтотоду. Армия демонстранттарга каршы күч колдонбой турганын ырастоодо. Бирок куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги “өлкөдөгү стабилдүүлүккө шек туудурган иш аракеттерге” каршы чара көрүлөт деп эскертти.

Мубарактын режимине каршы чыгуулар бир жумадан бери уланып келатат. Ошондон бери кагылышууларда 100дөн ашуун адам ажал тапты.

XS
SM
MD
LG