Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Сот Санжар Бакиевдин арызын териштирүүдө


1-февралда Бишкек гарнизондук аскер сотунун имаратында Чүй облустук соту Санжар Бакиев баштаган беш адамдын апелляциялык арызын карап жатат. 27-январда өткөн соттук териштирүүдө прокурор буга чейинки соттун өкүмүн жеңил деп таап, Санжар Бакиевди 25 жылга, Бектурсун Келдибековду 12 жылга, Замир Нуриев, Базарбай Арзыкулов жана Мирлан Ахмедовду сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн болчу.

Ал ортодо айыпталуучулардын жактоочулары соттук жараяндын жүрүшүндө соттолуучуларга коюлган кинелер далилденбегенин, прокурорго жана сотко бийлик тарабынан басым жасалганын белгилешти.

Мурдагы президенттин бир тууганынын иниси Санжар Бакиев баштаган беш адамга былтыр 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. 2-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. (ES)

XS
SM
MD
LG