Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин "Азаттыкка" билдиришинче, 27-январда өткөн соттук отурумда иш боюнча күбөлөрдүн айрымдары суралып, калганы бүгүнкүгө белгиленген отурумда көрсөтмө бере турган болгон. Ү. Сыдыков менен И. Масалиевге 2010-жылдын 13-14-май күндөрү Ошто, Жалал-Абадда "бийликти күч менен алууга аракеттенген", "массалык башаламандык уюштурган" деген айыптар тагылууда. Кылмыш ишинин козголушуна Үсөн Сыдыков менен Искак Масалиевдин телефон аркылуу сүйлөшкөн сөздөрү негиз берген. Айыпталып жаткандар өздөрүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий буйрук катары сыпатташууда. (ES)