Бүгүн Россиянын алгачкы президенти Борис Елцин 80 жашка чыкмак. Маркумдун мааракесине карата бир катар иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мамлекет башчы Дмитрий Медведев Елциндин кичи мекени Екатеринбург шаарында анын эстелигин ачуу аземине катышат деп күтүлүүдө. 1991-99-жылдары президент болуп турган Елцин күтүлбөстөн бийликтен кетип, өз ордуна ошол кездеги өкмөт башчы Владимир Путинди таштап кеткен. Елцин 2007-жылдын апрелинде 76 жашында жүрөгү кармап каза болгон.