Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Санжар Бакиевге облустук сот өкүмүн угузат


Өткөн жолку 27-январдагы сот жараянында мамлекеттик айыптоочу мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганынын баласы Санжар Бакиевди 25 жыл эркинен ажыратууну сураган. Бүгүн түштөн кийин Чүй облустук соту өкүмүн угузганы жатат.

Санжар Бакиев баштаган беш адамга былтыр 13-14-май күндөрү Жалал-Абад шаарында "массалык башаламандык уюштурган", "мыйзамсыз куралдуу топко жана киши өлтүрүүгө катыштыгы бар", "бийлик өкүлдөрүнө күч көрсөткөн", "бийликти басып алууга аракет кылган" деген айыптар коюлган. Өткөн жылдын 2-ноябрында Жалал-Абад шаардык соту Санжар Бакиевди 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагышууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG