Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:55

Депутаттар ажылыкка мамлекет кийлигишпесин дешти

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият, маалымат жана дин саясаты боюнча комитети ажылык сапарды уюштуруу маселелерди талкуулап жатат. “Ар-Намыс” фракциясынын айрым депутаттары мындан ары зыяратчылыкты уюштурууда мамлекеттик көзөмөлдү толугу менен алууну сунушташты. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурунку башчысы, депутат Каныбек Осмоналиев ажылык сапарды уюштуруу 2008-жылдан тарта мамлекеттик комиссияга берилгенден кийин кыңыр иштердин жиги тынбай чыгып жатканын айтты.

“Азаттык” былтыркы зыяратты уюштурууда жүздөгөн жолдомолор сол жакка сатылып, миллиондогон каражаттын дайын-дареги табылбай жатканын иликтеп чыккан болчу. (EBM)
XS
SM
MD
LG