Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Режеп Тайып Эрдоган Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт


Эртең, 2-февралда Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Жогорку Кеңеште сөз сүйлөйт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. Түрк өкмөт башчысы бүгүн кечинде Кыргызстанга иш сапар менен келет. Иш сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын бийлик башчылары менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы алака-катышты талкууламакчы. Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиришинче, премьер-министр Эрдоган менен кошо түрк ишкерлери да келатат, алар Бишкекте “Кыргызстан-Түркия” деп аталган бизнес-форумга катышат. (EBM)

XS
SM
MD
LG