Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Рашод Камалов камакта, тергөө уланууда


Кара-Суу шаарынын имамы Рашод Камалов абакта экенин, ага каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланып жатканын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Рахматулло Ахмедов “Азаттыкка” билдирди.

Камаловду 18-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук милиция кызматкерлери “Манас” эл аралык аба майданында кармаган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы карасуулук имам өзбекстандык эки жарандын арызынын негизинде кармалып, Кылмыш кодексинин 166-беренесине ылайык “көз боёмочулук кылган” деп шектелип жатканын билдирген. Шаардык милиция тараткан билдирүүгө ылайык, Камалов өзбекстандык эки жарандан Сауд Арапстанга виза ачып берем деп ар биринен 6300 доллардан алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG