Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Назарбаевдин кадамы АКШга жакты


Президент Нурсултан Назарбаевдин бийлик мөөнөтүн 2020-жылга дейре узартуу боюнча референдум өткөрбөө чечимин Кошмо Штаттар оң баалады. Казакстандын бул кадамын Мамдепартаменттин өкүлү Филип Кроули “Туура чечим” деп атады. 31-февралда Казакстандын Конституциялык соту берегидей референдум өткөрүүнү Конституцияга сыйбайт деп бүтүм чыгаргандан кийин Назарбаев кезексиз президенттик шайлоого барарын билдирди. Шайлоо 2012-жылы болууга тийиш эле. 70 жаштагы Нурсултан Назарбаев өлкөнү башкарганына 20 жыл болууда.

XS
SM
MD
LG