Каирдин ортолугуна “миллион адамдын жүрүшүнө” катышуу үчүн жүз миңдей адам чогулганы маалымдалды. Алар Хосни Мубаракты президенттиктен кетүүгө чакырышууда. Араптардын “ал-Хура” телеканалынын кабарчысы Тарек ал-Шамбы ушу тапта миңдеген адам борбордук аянтка чогулганын “Азаттык” радиосуна айтты:
- Миңдеген адам Каирдин жүрөгүндөгү Тахрир аянтына жыйналууда. Алар президент Мубаркты бийликтен кет деп суроо үчүн 1 миллиондон ашуун адамды чогулканы жатышат.
Демонстранттар Тахрир аянтындагы светофорго Мубарактын эки жасалма келбетин асып, анын бооруна “Биз киши өлтүргүч президенттин соттолушун каалайбыз” деп жазып коюшкан.
Сегиз күндөн бери анти-өкмөттүк толкундоолор кезиндеги полиция менен кагылышууларда кеминде 125 адам набыт болгону айтылууда.